22:05
+1
USD 69.75
EUR 82.21
RUB 1.17
Кыргызча

Өзгөндө кооптуу аймактардын жашоочулары сот аркылуу көчүрүлөт

Өзгөндө кооптуу аймактардын жашоочулары сот аркылуу көчүрүлөт. Бул тууралуу «24.kg» агенттигине район акими Олжобай Осмоналиев билдирди.

Анын айтымында, азыр 83 үй-бүлө боюнча арыз сотто каралууда. Алар мектеп, жол курулган жаңы айылга көчүүдөн баш тартышууда.

«Өз эрки менен көчпөгөндөрү биз районддук сотко бердик. Соттун чечиминен кийин күч менен көчүрүп баштайбыз. Жаңы айылга алар жаңы үй курушат. Ага жер бөлүнүп, үй салууга насыя маселеси дагы чечилди», — деди Олжобай Осмоналиев.

Эң көп окулган жаңылыктар