Өмүрбек Бабанов чет өлкөдө дарыланууда. Бул тууралуу жергиликтүү ЖМКга Жогорку Кеңештин вице-спикери Алтынай Өмүрбекова билдирди.
Анын айтымында, «Республика-Ата-Журт» фракциясынын лидери чет жакта дарыланууда жана жакын арада кайтып келет.
«Бабанов инсулть алгандыгы тууралуу маалымат калп. Кайсы өлкөдө экенин так билбейм. Бирок, ал кайтып келет» — деди вице-спикер.
Фракция лидерине козголгон кылмыш иши негизсиз деп эсептейт.
«Бабанов Ош шаарынын Он-Адыр аймагында сүйлөгөн сөзүндө эч кандай чагымчылдык болгон эмес» — деди Алтынай Өмүрбекова.
Эскерте кетсек, Башкы прокуратура экспертизанын жыйынтыгынан кийин Өмүрбек Бабановго каршы Ош шаарынын Он-Адыр кичирайонунда шайлоо учурунда сүйлөгөн сөзү боюнча улуттар аралык кастыкка үндөө айыбы менен иш козгоду.