15:32
USD 88.84
EUR 95.29
RUB 0.96

Өкмөт: өлкөдө кышка көмүр жетиштүү

Өлкөдө калкты жана социалдык имараттарды жылытуу үчүн көмүр жетиштүү. Бул тууралуу 2017-2018-жылдагы жылуулук сезонуна даярдык боюнча өкмөттүн отурумунда айтылды.

1-ноябрга карата бюджеттик мекемелерге 146, 6 миң тонна көмүр даярдалды. Анын ичинен 92 миң тонна билим берүү тармагына жумшалат.

Калк кышында 1 миллион 74 миң тонна көмүр жагат. Азыр 638 миң тонна камдалды. 623 көмүр сатуучу жай ачылды.

Эң көп окулган жаңылыктар