21:19
USD 89.47
EUR 96.56
RUB 0.97

Парламент 7-8-ноябрды майрам катары белгилөө сунушун биринчи окууда колдоду

Жогорку Кеңеш Эмгек кодексине өзгөртүүнү биринчи окууда колдоду. Мыйзам долбоордо 7-8-ноябрды Тарых жана ата-бабаларды эскерүү күнү катары белгилөө сунушталат.

Документте 23-февраль, 5-майды дагы эс алуу күндөрүнүн катарынан алып салуу дагы киргизилет. Бирок, айрым депутаттардын кайчы пикиринен кийин бул демилгени экинчи окууда чакырып алмай болушту.

Эскерте кетсек, буга чейин президент Алмазбек Атамбаевдин 7-8-ноябрды Тарых жана ата-бабаларды эскерүү күнү катары белгилөө буйругу жарыяланган. Кыргызстан буга чейин 7-ноябрды Октябрь революциясынын күнү катары белгилеп келген.

Эң көп окулган жаңылыктар