03:20
USD 89.02
EUR 94.77
RUB 0.95

«Республика-Ата-Журт»: Төраганы жыл сайын алмаштыруу — бул жаман өнөкөт

Жогорку Кеңештин «Республика-Ата-Журт» фракциясынын депутаты Алтынай Өмүралиева Чыныбай Турсунбековдун кызматтан кетүүсүнө негиз жок экендигин билдирди. 

«Чыныбай Акуновичтин азыркы сөзүндө дагы мен так себебин уга алганжокмун. Өкмөт башчыларын жыл сайын алмаштырганыбыз аз келгенсип, эми төраганы дагы кызматтан кетирип жатабыз. Бул жаман өнөкөт» - деди ал.

Белгилей кетсек, Чыныбай Турсунбеков президенттик кызматка ат салышууга камынып, бирок, КСДП партиясынан колдоо таппай, оюунан баш тарткан. Бүгүн ал парламенттин төрагалык кызматынан баш тартарын жарыялады. 

Эң көп окулган жаңылыктар
19-апрель, жума