00:34
USD 88.66
EUR 94.91
RUB 0.96

Токтогулда былтыркыга караганда суунун көлөмү 818 миллион кубметрге көп

Бүгүнкү күнгө карата Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү 10,6 млрд м3 түзөт, бул көрсөткүч былтыркы жылга салыштырмалуу 818 млн м3 көп. Бул тууралуу министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев билдирди.

Анын айтымында, акыркы күндөрү электр энергиясын керектөө жогорку чекке жетип 76 млн кВтс түздү. 

2022-жылдын жылытуу мезгилинде республикасынын электр энергиясына болгон керектөөсү 15,9 млрд кВтс түзсө, 2023-жылы электр энергиясынын керектөөсү 16,6 млрд кВтс түзөөрү күтүлүдө. Ортодогу тартыштык, 1,9 млрд кВтс болушу мүмкүн. Тартыштыкты кыскартуу максатында Казакстан жана Түркмөнистандан 2,0 млрд кВтс электр энергиясын импорттоо келишимдери түзүлгөн.

«Көмөкчордондордун электр жабдуулары ашыкча жүктөө менен иштеп жаткандыгына байланыштуу электр энергиясын керектөөчүлөрүн керектөө режимдерин сактоого жана рационалдуу пайдаланууга чакырам», — деди Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары.

Ошондой эле, Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев Биринчи радионун угармандарынын суроолоруна жооп берип жатып «Камбар-Ата 1» ГЭСинин курулушун аяктоо жана аны пайдаланууга берүү Кыргыз Республикасынын CASA-1000 долбоору боюнча милдеттенмелерин эске алуу менен экспорттук потенциалды жогорулатууга реалдуу мүмкүнчүлүк берет" — деп кошумчалады.

Министрлер Кабинетинин токтому менен «2022-2025-жылдары Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад облусунда Нарын дарыясында «Камбар-Ата 1» ГЭСин куруу долбоорунун долбоордук-изилдөө иштерин жүргүзүү менен даярдык көрүү мезгилинин объекттерин куруу боюнча Иш-чаралардын планы» бекитилген. Бул долбоорду ишке ашыруу жөнүндөгү Жол картасына Кыргызстан, Казакстан жана Өзбекстан мамлекеттеринин энергетика министрлери кол коюшкан.

Эң көп окулган жаңылыктар