11:28
USD 88.85
EUR 94.92
RUB 0.96

Кыргыз-казак чек арасында чектөө сакталат. Казакстан товар ташууга жол ачкан жок

Кечээ Астадана эки өлкөнүн өкмөт мүчөлөрүнүн жолугушуусу өттү. Бул тууралуу Казакстандын ЖМКсы маалымдады.

Жолугушууга Кыргызстандан барган 30дай өкмөт мүчөлөрүн премьер-министр Сапар Исаков жетектеди. Сүйлөшүүнүн жыйынтыгы боюнча Казакстандын өкмөт башчысы Бакыт Сагинтаев маалымат берди.

Анын айтымында, 19-октябрдан баштап, Казакстан чек арадан жөө жүргүнчүлөрдү жеке жүгү менен, жүргүнчүлөрдү ташыган ууналарды, жеңил ууналарды жана бош жүк ташуучу унааларды өткөрө турган болду.

Андан тышкары, ЕАЭБтин аймагындагы фитосанитардык жана ветеринардык көзөмөл талкууланды.

«Кыргызстандан келген кытай импорту толук декларациядан өтпөйт. Бул биздин бюджетти чыгымга учуратууда. Кыргызстандын премьер-министр коюлган маселеге макул болду. Эки өлкө ортосунда жумушчу топ түзүлүп, жол картасын иштеп чыгат. Аны эки өлкө тең толук аткаруу милдетин алды», — деп белгиледи Бакытжан Сагинтаев.

Эскерте кетсек, 10-октябрдан бери Казакстан чек араны күчөтүлгөн тартипте кайтарууга өтүп, кыргыз-казак өткөрүү бекеттеринде жүк ташуучу ууналардын жана кишилердин узун кезеги түзүлдү. 

Эң көп окулган жаңылыктар