18:49
USD 89.47
EUR 96.56
RUB 0.97

Алмазбек Атамбаев: Казакстандан башка дагы тышкы чыга турган жолдорубуз бар

«Казакстандан башка дагы тышка чыга турган жолдорубуз бар» — деп президент Алмазбек Атамбаев бүгүн мыкты студенттерге стипендия ыйгарып жатып билдирди.

Өлкө башчысы Нурсултан Назарбаев жөнүндө сүйлөгөн сөзүндө эмоцияга алдырып, ката кеткендигин мойнуна алды.

«Ооба мен катуу айтып алгандырмын. Бул тууралуу ушул күндөрү ойлондум. Бирок, Казакстандын президентинин айланасында дагы өлкөнүн эмес, өзүнүн кызыкчылыгын коргогон байлар бар. Нурсултан Назарбаев дагы мага окшоп ишенчеек окшойт» — деди Атамбаев.

Ал өлкөнүн көз-карандысыздыгын сактоо үчүн элди чыдамдуу болууга чакырды.

«Айрымдар Кыргызстандын транспорттук жолу толук буулду деп айтып жатышат. Бул туура эмес. Казакстандан башка дагы жолдорубуз бар. Бир кезде биздин жарыкты, газды өчүрүп коюшчу. Бирок, азыр Өзбекстан жана Тажикстан менен мамилебиз жакшы. Албетте азыр продукциябызды сата турган башка жолдорду издешибиз керек», — деди ал.

Эң көп окулган жаңылыктар