USD87.45EUR98.13RUB1.03
24.kg

Казакстандын экономика министри Кыргызстандын ЕАЭБге арызын негизсиз дейт

Жазгуль МАСАЛИЕВА
15:45, 17 октября 2017, Бишкек - 24.kg

Казакстандын улуттук экономика министри Тимур Сулейманов Кыргызстандын Евразия экономикалык биримдигине жөнөткөн кайрылуусу боюнча оюн билдирди. «Анын пикиринде Кыргызстандын арызы негизсиз» — деп жазат Tengrinews.kz.

Министр кыргыз-казак чек арасындагы кырдаалды саясатташтырбоого чакырып, ар бир өлкөнүн өз рыногун коргоого укугу бар экенин эскертет. Ошол эле учурда Казакстан ЕАЭБтеги милдеттеринин баарын аткарып жаткандыгын белгилейт.

«Ар бир өлкөнүн Евразия экономикалык биримдигинин жогорку кеңешине кайрылууга укугу бар. Мен белгилей кетсем, уюмда чечим көпчүлүк добуш менен кабыл алынат. Эгер бир тарап чечимге макул болбосо, анда ал кабыл алынбайт» — дейт Тимур Сулейманов.

Эскерте кетсек, кечээ Кыргызстандын экономика министри ЕАЭБтин төрагасы Тигран Саркисянга кайрылуу жолдогон. Анда Казакстан уюмдун талаптарын бузуп, товар, адам жана кызматтардын эркин өтүүсүнө тоскоолдук түзүп жаткандыгына даттанган.

10-октябрдан бери Казакстандын чек арачылары күчөтүлгөн тартипте иштеп, беш өткөрүү бекетинде тыгын жаралды. Айрыкча жүк ташуучу ууналар өтө албай турушат. Казакстан тарап алгач бул кадамын шайлоого байланыштырса, кийин Кыргызстанда келген мыйзамсыз реэкспортту токтотуу максатында көзөмөл күчөтүлгөнүн билдирди.

Казак эксперттеринин эсебинде, Кыргызстандагы аткезчиликтен Казакстандын бюджети жыл сайын 163 миллион доллар жоготот.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18

Индекс цитированияЯндекс.Метрика