17:38
USD 89.51
EUR 96.93
RUB 0.97

Кыргыз-казак чек арасында кезек күткөндөр медиктерге кайрылууда

Кыргыз-казак чек арасында кезек күткөндөр медиктерге көбүнчө кан басымын өлчөнүү суранып кайрылууда. Бул тууралуу «24.kg» агенттигине Саламаттыкты сактоо министрлигинен билдиришти.

Алардын маалыматында, медициналык кызматкерлер дагы эле «Ак-Жол», «Ак-Тилек», «Токмок», «Чалдыбар» жана «Чоң-Капка» көзөмөл-өткөрүү бекеттеринде нөөмөттө турушат.

«Акыркы суткада «Ак-Жолдо» даарыгерлерге эч ким кайрылган жок. «Ак-Тилекте» 4 киши кан басымын текшерип алууну суранган», — дейт министрлик.

Эскерте кетсек, 11-октябрда Казакстан чек арасын күчөтүлгөн тартипте кайтарууга өтүп, кыргыз-казак чегинде өтө албай турган ууналардын жана жүргүнчүлөрдүн узун кезеги түзүлгөн.

Чек ара кызматынын маалыматында, бүгүн «Ак-Тилек» бекетинде 200дөй, «Ак-Жолдо» 150 жүк ташуучу ууна турат.

Эң көп окулган жаңылыктар