06:45
USD 69.74
EUR 79.24
RUB 1.05

Алмазбек Атамбаев: АКШнын талапкери жеңгенде шайлоо калыс өттү деп жарыялашмак

«Ачык айкындык жана демократия АКШда дагы жок». Бул тууралуу президент Алмазбек Атамбаев эл аралык байкоочулар менен жолугушуу учурунда билдирди. 

Ал Барак Обаманын жардамчысы Майкл Макфол Кыргызстандагы шайлоону сынга алгандыгына токтолуп, «эгер АКШнын талапкери утуп чыкса, булбулдай сайрашмак» деди.

Мамлекет башчысы шайлоого сырткы күчтөр аралашып, каржылагандыгына карабай, Кыргызстан эгемендүүлүгүн жоготпогондугун белгиледи. 

Жолугушууда КМШ, ШКУнун, Ислам кызматташтык уюмунун, Европа парламентинин, Россиянын жана Өзбекстандын байкоочулары катышышты. 

Эң көп окулган жаңылыктар