21:20
USD 88.81
EUR 95.39
RUB 0.96

Бишкектин баардык райондорунда жүздөн тануучу камералар орнотулат

Бишкектин баардык райондорунда жүздөн тануучу камералар орнотулат. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин маалымат кызматы билдирди.

Маалыматта учурда Биринчи май районунун аймагында камералар орнотулуп баштаганы белгиленет.

«Башка райондордо дагы иш башталды. Камералардын башкы максаты — жарандардын коопсуздугун камсыз кылуу, эл көп топтолгон жерлерди коргоо, террордук жана башка кылмыштуу аракеттердин алдын-алуу», — деп айтылат маалыматта.

Акимиаттардын жардамы менен орнотулган камералар үч айдын ичине ИИМдин башкы тутумуна кошулат.

Өлкө боюнча орнотулган 2 миң 117 камеранын 519унда жүзүнөн тануу мүмкүнчүлүгү бар.

Эң көп окулган жаңылыктар