14:51
USD 88.85
EUR 94.92
RUB 0.96

Жарандык активисттер журналист Зулпукар Сапановду бошотууну талап кылат

Бишкек шаардык сотунда журналист Зулпукар Сапановго Биринчи май райондук соту чыгарган өкүмгө арызданууну кароо башталды.

Жарандык активисттер сот залында журналистке боштондукту талап кылган плакаттарды кармап турушат.

Биринчи май райондук соту журналистти 4 жылга эркинен ажыраткан. Ал № 1 абакта кармалууда.

Зулпукар Сапановго «Кыргыз санжырасы» деген китеби үчүн диний ишмерлер арыздангандан кийин Башкы прокуратура иш козгогон.

Эң көп окулган жаңылыктар
25-апрель, бейшемби