06:02
USD 89.02
EUR 94.77
RUB 0.95

Кичиавтобус менен кагышкан жолтандабас «МИР» телеканалына тиешелүү

Кечээ Бишкектин Киев көчөсү менен Эркиндик сейил багынын кесилишиндеги жол кырсыгына катышкан жолтандабас «МИР» телеканалына тиешелүү. Бул тууралуу «24.kg» агентигине ички иштер башкармалыгынан билдиришти.

Телеканалдын жетекчилиги айдоочу учурда көрсөтмө берип жаткандыгын айтты.

Эскерте кетсек, кечээ Бишкектин борборундагы кырсыкта № 212 маршрутка жолтандабас менен жол талаша кетип, даракты сүзүп токтогон. Ичиндеги 9 жүргүнчү ар кандай жаракат алышкан.

Милиция жабыркагандардын арасында кош бойлуу аял жана үч жашар бала болгондугун четке кагат. 

Эң көп окулган жаңылыктар
19-апрель, жума