07:37
USD 88.85
EUR 94.81
RUB 0.95

Салык кызматы тойлорду кыдырып, тамада-ырчылардын патентин текшерди

Салык кызматы салык төлөөдөн качкан ивент бизнестин өкүлдөрү аныкталганын маалымдайт.

Маалыматта, текшерүү учурунда «Ала-Тоо» ресторанында ишкер К. Майназаров патентсиз сүрөткө тартып жүргөндүгү белгилүү болгондугу айтылат. Ушул эле ресторанда тамада Бакыт Байсариев дагы салык төлөөдөн качып жүргөндүгү аныкталган.

Салыкчыларга «Салкын төр» ресторанында тамада Майрамбек Осмонов, «Соң-Көл» ресторанында алып баруучу Урмат Борченов патентин көрсөтө алган эмес. 

Салык кызматы иш-чара, мааракелерде кызмат көрсөтүү үчүн патент акысы 500-2,5 миң сом экендигин белгилейт. 8 ай ичинде ивент бизнестин өкүлдөрү 665, 4 миң сом салык төлөшкөн. 

Салыкчылар тойлорду кыдырууну улантат. 

Эң көп окулган жаңылыктар