12:55
USD 89.01
EUR 95.05
RUB 0.94

Момбеков: Кыргыз тилин өнүктүрүүгө бөлүнгөн акча, аны өлтүрүүгө жумшалууда

Мамлекеттик тилди өнүктүрүүгө бөлүнгөн акчаны текшерүүнү депутат Рыскелди Момбеков бүгүн парламенттин отурумунда сунуштады.

Анын айтымында, кыргыз тилин өнүктүрүүгө 500 миллион сом бөлүнсө, анын 142 миллион сому гана өздөштүрүлгөн.

«142 миллион тилди өнүктүрүүгө эмес, өлтүрүүгө жумшалды. Мен билгенден каражаттын көбүн мадания министрлигине, Билим берүү академиясына бөлүнүп, Улуттук комиссия 2-3 миллион сом гана алган», — деди эл өкүлү.

Ал Билим берүү министрлигин кыргыз тилин билбеген аткаминер жетектерин эскертип өттү.

«Анын ордуна Галина Василькованы коюш керек. Ал орус болсо да кыргыз тилин мыкты билет. Ошондо биз өз тилин билбегендердин намысына тийет элек», — деди ал.

Эң көп окулган жаңылыктар