11:27
USD 89.02
EUR 94.77
RUB 0.95

Кыргызстанда жыл башынан бери жол кырсыгынан 504 адам набыт болду

Үстүбүздөгү жылдын сегиз айында Кыргызстанда жол кырсыгында 504 киши мерт кетип, 6 миң 909 киши жабыркады. Бул тууралуу маалымат жыйында ИИМдин Жол кайгуул кызматынын жетекчиси Ыманалы Саркулов билдирди.

Анын айтымында, өлкө боюнча жалпысынан 8 айда 3 миң 904 жол кырсыгы катталган. Бул өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 8,1 пайызга көп. 

913 автоууна кырсыгына балдар катышкан. Анда 60 бала набыт болуп, миңден ашык жашы жете электер ар кандай жаракат алышкан. 

Эң көп окулган жаңылыктар
19-апрель, жума