Ысык-Көл облусунда жол кырсыгында төрт киши уунанын ичинде күйүп кетти. Бул тууралуу облустук ички иштер башкармалыгынын маалымат кызматынын жетекчиси Сталбек Усубакунов билдирди.
Анын айтымында, ууна бүгүн таңкы саат 4-5те Григорьевка жана Кашат аймагында «LEXUS RX300» уунасы катуу ылдамдыкта келе жатып, жолдон чыгып, оодарылып, күйүп кеткен.
Кырсык болгон жерде уунадан ыргып кеткен эки кап кара куурай табылды.
Айдоочуга жана жүргүнчүлөргө тиешелүү эч кандай документтер табылган эмес. Милициянын билдирүүсүндө, бир сим-карта гана алынды. Аны менен күйүп кеткен жарандардын өздүгүн тактоо аракети көрүлөт.