Бишкек шаардык мэриясы Эркиндик сейил багын демөөрчүлөрдүн эсебинен оңдойт. Бул тууралуу «24.kg» агентигине вице-мэр Бакыт Дүйшөмбиев билдирди.
Анын маалыматында, бактагы жолдор жаңыланып, арыктар тазаланып, айлана жашылдандырылат. Андан тышкары балдар аянтчасы дагы оңдолот.
«Сейил бактын ошол бөлүгүнө жакын жайгашкан компания каражат бөлүп жатат» - деди вице-мэр.