14:13
USD 79.50
EUR 92.65
RUB 1.03

Ысык-Көлдө жол кырсыгында төрт адам жабыркады

Түп-Кеген унаа жолунда жол кырсыгынан 4 адам жабыркады. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги маалымдайт.

29-августта Түп районунда «Ауди-А6» үлгүсүндөгү мамлекеттик № i70-05AB жана «Мерседес» үлгүсүндөгү мамлекеттик №i26-59S унаалары кагылышкан.
Жол кырсыгынан унаалардын айдоочулары жана 2 жүргүнчү ар кандай жаракат алышып, тез жардам кызматкерлери тарабынан Түп райондук ооруканасына жеткирилген.


Эң көп окулган жаңылыктар