«Меним досум президент болуп калышы мүмкүн», — деп билдирди бүгүн президент Алмазбек Атамбаев Өзгөн районунун Ынтымак айылындагы жолугушууда.
Ал өкмөткө жаш адистер келгендигине токтолуп өттү.
«Мен өзүм өстүргөн жигит премьер-министр болду. Өкмөткө андан башка дагы жаш адистер келди. Алар менин жолумду жолдорунан күмөнүм жок. Эми менин досум президент болуп калышы мүмкун», — деди Алмазбек Атамбаев.
Президент мөөнөтү аяктагандан кийин, өзү баштаган долбоорлордун ишке ашышына көзөмөл салып турарын маалымдады.
Эскерте кетсек, апрель аягында Өзгөн районун Зергер айылдык аймагынын Аюу-Сай айылында жер көчүп, 24 адам каза тапкан.