Бишкек шаардык соту Өмүрбек Текебаев менен Дүйшөн Чотоновдун ишин 5-сентябрда карап баштайт. Бул тууралуу «24.kg» маалымат агентигине жактоочу Бактыбек Жумашов билдирди
Эскерте кетсек, Биринчи май райондук соту «Ата Мекен» партиясынын лидери Өмүрбек Текебаевди жана Дүйшөн Чотоновду 8 жылга эркинен ажыраткан.
Партия лидери россиялык ишкер Леонид Маевскийден 2010-жылы «Мегаком» компаниясынын акциясын убадалап, 1 миллион доллар алган деп айыпталган.