Казакстанда балдарын эмдетүүдөн баш тарткан ата-энелер 65 доллар айып пул салынат. Дин иштери жана жарандык коом министрлиги бул норманы «Дин ишмердүүлүгү жөнүндө» мыйзамга киргизүүнү сунуштоодо. Бул тууралуу centralasian.org маалымдайт.
Министрлик салттуу эмес диний көз караштагы жарандардын эмдөөдөн баш тартуусу – Казакстандагы негизги көйгөйлөрдүн бири болуп баратканын белгилейт. 2016-жылы эле 9,5 миң ата-эне балдарын эмдеткен эмес. Алардын жарымы бул кадамдарын диний ынанымдары менен түшүндүрүшкөн.
Кыргызстанда дагы жыл санап диний ишенимине улам балдарын эмдетүүдөн баш тарткандардын саны көбөйүүдө. Жыл башынан бери миңден ашык жарандын балдары эмделген эмес.