02:15
USD 88.68
EUR 95.00
RUB 0.95

Текебаевдин соту. Иште кылмыш эмес, саясый негиз бар экени айтылууда

«Ата-Мекен» партиясынын лидери Өмүрбек Текебаевдин жана мурдакы өзгөчө кырдаалдар министри Дүйшөн Чотоновдун сотунда жарыш сөз уланууда. Бүгүн Өмүрбек Текебаев төрт күнгө уланган сөзүн аяктап, жактоочуларга кезек жетти.

Анын жактоочусу Искен Афиджанов Кылмыш кодексинин 303-беренеси менен коюлган айыптоого бир да далил табылбагандыгын айтты.

«Анткени жемкордук беренеси менен айыптоо үчүн ал жооптуу кызматкердин ыйгарым укугу жана чечимдери ошого таасир бере ала турган болуш керек. Өмүрбек Текебаев «Альфа Телеком» компаниясына байланыштуу иштер менен алектенген эмес. Убактылуу өкмөттүн курамында ал конституциялык реформага жооп берген. «Альфа Телеком» компаниясынын иши Алмазбек Атамбаев жетектеген. Андыктан, президентти сотко күбө катары чакыруу керек болчу» — деди жактоочу.

Текебаевдин дагы бир жактоочусу Чынара Жакыпбекова кылмыш иши катары кароого дагы негиз жоктугун айтып, «бул болгону саясый шоу» деп атады.

Жактоочулар Өмүрбек Текебаевди актап, сот залынан бошотууну талап кылышты.

Эскерте кетсек, прокурор Нурмат Исмаилов Өмүрбек Текебаевге 10 жыл, Дүйшөн Чотоновго 8 жыл сурады. Экөөн тең үй-мүлкүн конфискациялоо жана үч жылга мамлекеттик кызматта иштөөгө тыюу салуу сунушталууда.