12:48
USD 88.85
EUR 94.92
RUB 0.96

Боршайком төрт талапкерди каттоодон баш тартты

Боршайком төрт жаранды президенттик шайлоого талапкер катары каттоодон баш тартты.

Марта Кыдыралиева, Муканбай Айманбаев, Камил Токтобаев жана Роман Ременов шайлоодо ат салыша албайт. БШКнын маалыматында, үчөөң тең шайлоо фондун убагында ачкан эмес жана тийиштүү документтерди тапшырышпаган. Роман Ремнев болсо жаш курагын туура келбегендиктен каттоого алынган жок. Ал 34 жашта. 

Буга чейин Түрк тилдүү мамлекеттердин саясатын колдоо фондунун жетекчиси Нусрет Муса-Оглы Мамедов жана пенсионер Анвар Сартаев жарыштан четтетилген. Ал эми Куттубек Бешбаков дагы жашы жете электиктен арызы кабыл алынган эмес. 

Президентикке ат салышкандардын саны 52 болду. 

Эң көп окулган жаңылыктар
25-апрель, бейшемби
24-апрель, шаршемби