01:24
USD 89.01
EUR 95.05
RUB 0.94

Такси айдоочуларын жол кырсыгында биринчи жардам көрсөтүүгө үйрөтүшөт

Кыргызстандын кызыл жарым коому Бишкек шаарындагы таксилердин айдоочуларын биринчи жардам көрсөтүүгө үйрөтөт. Бул тууралуу уюмдун маалымат кызматы кабарлайт.

Айдоочуларга жол кырсыгына кабылгандарды машинадан алып чыгуу, жасалма дем алдырууну туура жасоо жолдорун көрсөтүшөт.

ИИМдин жол кайгуул башкармалыгынын маалыматында, жыл башынан бери жол кырсыгында 343 адам мерт кетти. Алардын көпчүлүгү биринчи жардам көрсөтүлгөн эмес.

Эң көп окулган жаңылыктар
19-апрель, жума