05:06
USD 89.11
EUR 94.62
RUB 0.95

Мадумаров, Келдибеков, Ташиев жана Төрөбаев бирикти

Адахан Мадумаров, Ахматбек Келдибеков, Камчыбек Ташиев жана Бакыт Төрөбаев жаңы саясый партия түзүп, президенттик шайлоодо бир талапкерди колдоп чыгат. Бул тууралуу «Өнүгүү-Прогресс» партиясынын штабы маалымдайт.

Маалыматта, кечээ «Ата-Журт Мекенчил», «Бүтүн Кыргызстан» жана «Өнүгүү-Прогресс» партиясынын лидери келишимге кол койгондугу айтылат. Саясатчылар элдин биримдигин жана саясый туруктуулукту сактоо жана таза шайлоо өткөрүү максатында биригишкендиги айтылат.

Алар башка саясый күчтөр менен кызматташууга даяр экендигин белгилешет. Эскерте кетсек, бул төрт саясатчы президенттик шайлоого ар бири өзүнчө барарын маалымдашып, талапкер болуп катталуу үчүн БШКга арыз жолдошкон. 

Эң көп окулган жаңылыктар
16-апрель, шейшемби