03:24
USD 88.85
EUR 94.81
RUB 0.95

«Ала-Арча» шаарчасында чатак. Жаңы жана эски жетекчилик башкарууну талашууда

«Ала-Арча» VIP шаарчасында чатак. Мурдакы жана жаңы шайланган жетекчилик башкарууну талашууда.  Бул тууралуу жергиликтүү тургун Евгения Кухта билдирди.

Анын айтымында, шаарчанын башкармалыгы эки жылга шайланат. Ал үй ээлеринен топтолгон акча менен каржыланып, өнүгүү иштерин жүргүзөт. Эки жыл мурун келген башкармалыкты директордон финансалык иштерди да тартып алып, өзү жүргүзө баштаган.

«Көп өтпөй шаарчанын жашоочулары эсептеги акчалар максатсыз жумшалып жатканын байкашты. Ал арада эки үйдү тоноп кетишти. Биз жаңы башкармалыкты шайладык. Бирок, мурдакы башкармалыкты мөөр менен иш кагаздарын бербей жатышат. Бүгүн Акматбек Келдибеков баштаган кароолдор келип, басып алышты», — дейт Евгения Кухта.

Евгения Кухтанын айтымында, "Ар-Намыс" партиясынын лидери Фелиск Куловдун аялы Фатима Абдрасулова башкармалыкты эки жыл жетектеди. Ал эми Жогорку Кеңештин мурдакы төрагасы Ахматбек Келдибековдун аялы Аида Токтоматова ревизиялык комиссияны башкарып келген. Алар  өз кишилерин кароолчулукка жана башка иштерге шайлап алышкандыгын айтат Евгения Кухта. 

Анын маалыматында, быйыл Экономикалык кылмыштуулук менен күрөшүү кызматы «Ала-Арча» шаарчасына 2,5 миллион сом айып салган. Анткени Социалдык фондко акча чегерилген эмес.

Эң көп окулган жаңылыктар