Журналист кызды транссексуалдар сабап салышты. Бул тууралуу ал Facebook баракчасына жазды.
«Бүгүн эртең менен мени Бишкек шаарындагы Травмотология жана ортопедия илимий изилдөө борборуна жеткиришти. Мээм чайкалып, дене боюм көгөргөн. Видеого тартып жатка кезде мага транссексуалдар кол салып, камерамды сындырып, кийимди жыртып, зер буюмдарымды жулуп алышты», — дейт Карачач Шакирова.