20:08
USD 89.47
EUR 96.56
RUB 0.97

Шайлоого ат салышкандардын катары кыскарды. Анвар Сартаев жарыштан баш тартты

Анвар Сартаев президентикке ат салышуудан баш тартты. Бул тууралуу «Кыргызтесттин» расмий баракчасында маалымдалат.

Анвар Сартаев бүгүн кыргыз тилинен сынак тапшырмак. Бирок, ал сынакка келбей, шайлоого катышуу оюунан кайткандыгын билдирген.

Талапкер катары катталуу үчүн арыз бергендердин саны 58 болду.

Бүгүн мамлекеттик тилден сынакты Кубан Чороев, Турсунбек Акун жана Улукбек Кочкоров тапшырышты.

Турсунбек Акун 94,75 балл алып, сынак тапшырган талапкерлердин ичинен алдыга озуп чыкты. Экинчи орунда Өмүрбек Бабанов, ал 93,5 балл алган.

Эң көп окулган жаңылыктар