12:29
USD 88.81
EUR 95.39
RUB 0.96

Президенттин администрациясы супер компьютер сатып алганын жарыялады

Мамлекеттик тилди өнүктүрүү программасынын алкагында 2022-жылы министрлер кабинети тарабынан секундасына 1 квадриллион операцияны аткарууга мүмкүндүк берүүчү кубаттуулугу 1 петафлопс болгон NVIDIA суперкомпьютерин сатып алууга каражат бөлүнгөн.

Белгилей кетсек, учурда Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссия жана «Улут Софт» компаниясы кыргыз тилиндеги маалыматты иштеп чыгуучу жасалма интеллектти киргизүү боюнча долбоордун үстүндө иштеп жатат.

Бүгүн Президенттин Администрациясында Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Эдил Байсаловдун жетекчилиги астында өткөн жыйында мамлекеттик тилди, илимди жана технологияны өнүктүрүүгө багытталган жасалма интеллект жаатындагы долбоордун жана суперкомпьютердин бет ачары болду.

Келечекте жасалма интеллект текстти кепке, кепти текстке айландыруу, талдоого жана тексттерди түзүүгө мүмкүндүк берет. Бул программалар илим-изилдөө жана билим берүү чөйрөсүндө, стенографияда, массалык коммуникация тармагында колдонулушу мүмкүн.

«Бул долбоордун мамлекет үчүн, жогорку технология жана жасалма интеллект доорунда кыргыз тилин сактап калуу жана жайылтууда стратегиялык мааниси чоң. Мамлекет башчынын чечими менен кубаттуулугу секундасына 1 квадриллион операцияны аткарууга мүмкүндүк берген суперкомпьютерди сатып алууга каражат бөлүндү. Бүгүн биз анын мүмкүнчүлүктөрүн республиканын бүткүл илимий-техникалык чөйрөсү, бардык кызыкдар мамлекеттик жана коомдук органдар тарабынан колдонууга сунуштап жатабыз», - деди Эдил Байсалов.

Анын айтымында, бардык ресурстарга, акыркы техникалык ойлоп табууларга, заманбап технологияларга, билимге, жасалма интеллектке кыргыз тилинде жеткиликтүүлүктү камсыз кылуу керек.

«Биз ар кандай технологиялык жардамчылардын да кыргызча сүйлөшүн камсыз кылышыбыз керек. Бул баарыбыз үчүн, өзгөчө мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар үчүн маанилүү. Суперкомпьютер ата мекендик илим менен экономиканын кызыкчылыгы үчүн суткасына 24 саат иштеши керек. Жабдууну мамлекеттик мекемелер, билим берүү мекемелери жана кызыкдар тараптар колдонсо болот», - деди Эдил Байсалов. 

Иш-чаранын жыйынтыгында мамлекеттик тилди өнүктүрүү боюнча бир катар милдеттер, анын ичинде Википедиядагы кыргыз тилиндеги макалалардын санын кыйла көбөйтүү милдети коюлду.

Эң көп окулган жаңылыктар