2010-жылдын 13-майында Өмүрбек Текебаев менен Дүйшөн Чотонов Леонид Маевский жана Алексей Модин менен жолугушкан эмес. Бул тууралуу бүгүн Биринчи май райондук сотунда белгилүү болду.
Айыпталуучулардын жактоочулары 2010-жылдын 13-майында өткөн конституциялык кеңешменин жыйынында тартылган тасманы көрсөтүштү.
Анда Өмүрбек Текебаев жыйынга саат 17.20 келгендиги белгиленет. Кеңешмеде ал убактылуу өкмөттүн түштүктөгү кырдаал боюнча жыйынында болгондугун, ахыбал курчуп кетсе, эртең конституциянын эч кимге кереги жок болуп каларын айтат.
Белгилей кетсек, Леонид Маевскийдин айтымында, ал Текебаев менен 13-май күнү саат 17.00–19.00гө чейинки убакытта жолуккан. Бирок, видеодо көрүнүп тургандай «Ата-Мекен» партиясынын лидери бул аралыкта кеңешменин жыйынында олтурган.
Ал эми Дүйшөнкул Чотонов 13-май күнү Ошто болгондугун бир нече күбөлөр ырасташты.