16:38
USD 88.84
EUR 95.29
RUB 0.96

Эртең кезектеги төрт талапкер кыргыз тилинен сынак тапшырат

Эртең дагы төрт талапкер кыргыз тилинен сынак тапшырат. Бул тууралуу мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссия маалымдайт.

1-августта президенттик шайлоого катышып жаткан Замира Муратбекова, Санжарбек Энназаров, Сагынбек Абдрахманов, Мукар Чолпонбаев мамлекеттик тилден сынак тапшырат.

Эскерте кетсек, талапкерлер 26-июлдан баштап «Кыргызтесттен» сынак беришүүдө.

Буга чейин Назарбьек Нышанов (74,15 балл), Темир Сариев (81,8 балл), Арстанбек Абдылдаев (61,2 балл), Рита Карасартова (86 балл), Бакыт Дегенбаев(89,5 балл), Сайдинин Султанидинов (60,35 балл) Камила Шаршекеева (80,9 балл), Турсунбай Бакир уулу(88,6 балл), Бакыт Төрөбаев (71,8 балл), Таалатбек Масадыков (79,8 балл) Өмүрбек Бабанов (93,5 балл) тапшырышты.

Эң көп окулган жаңылыктар