21:18
USD 89.01
EUR 94.71
RUB 0.94

Өмүрбек Бабанов: Көзү өтүп кеткен апама тийишпегиле

Өмүрбек Бабанов бүгүн маалымат жыйында ата-энесинин улуту боюнча сөздөргө токтолду.

Ал атасы кыргыз, энеси түрк тектүү улуттардан экендигин билдирди.

«Апам беш жашында Кыргызстанга келген. Айтматовдун апасы татар болгон. Эмне ал кыргыз эмеспи? Кыргызстандын келечеги үчүн иштеген адам кыргыз», — деди Өмүрбек Бабанов.

Андан сырткары, президентикке талапкер бизнесин кантип бутка тургузгандыгын айтып берди.

«Мен бир дагы мамлекеттик мүлктү менчиктештирип алган эмесмин. Банкрот болгон ишканаларды сатып алып, кайра жандантканмын. Мага азыр байлыгымды көбөйтүү эмес, аны сактоо маанилүү», — деди ал. 

Эң көп окулган жаңылыктар