12:38
USD 89.01
EUR 95.05
RUB 0.94

Текебаевди тилден сынакка алып келүү жоопкерчилигин эч ким алгысы келбейт

Текебаевди тилден сынакка алып келүү жоопкерчилигин эч ким алгысы келбейт.  

«Ата-Мекен» партиясынын лидери, президентикке ат салышкан Өмүрбек Текебаев бүгүн кыргыз тилинен тест тапшырышы керек. Борбордук шайлоо комиссиясынын мамлекеттик тилден сынак тапшыруучулардын тизмесинде партия лидери сап башында. Бирок, кечээтен бери Өмүрбек Текебаев кантип келип тест тапшырары боюнча маселе чечилбей келет. 

25-июль күнү Өмүрбек Текебаев менен Дүйшөн Чотоновдун сотунда жактоочусу Канатбек Хасанов сотко, айыпталуучуну сынак тапшырууга бошотуу өтүнүчү менен кайрылган. Сот Айбек Эрнис уулу, бул анын ыйгарымына тиешеси жоктугун, ал кылмыш ишине байланыштуу гана өтүнүчтөрдү карай аларын билдирген.

БШКнын айтымында, Өмүрбек Текебаевди анын ыйгарымдуу өкүлдөрү алып келүүгө милдеттүү. 

Эскерте кетсек, Өмүрбек Текебаев 17-июлда БШКга шайлоого талапкер болуп катталуу үчүн документтерин тапшырган.

Ал учурда УКМКнын абагында. 

Эң көп окулган жаңылыктар
19-апрель, жума
18-апрель, бейшемби