Ысык-Көлдө айдоочу рулда уктап кетип, бакты сүзүп, мерт кетти. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигин маалымат кызматы билдирет.
Окуя Балыкчы-Чолпон-Ата-Каракол унаа жолунун 50-чакырымында болгон. 1949-жылы туулган П.Н.Д. аттуу жаран рулда уктап кетип, бакты сүзүп алган. ӨКМдин куткарууучулары анын сөөгүн туугандарына өткөрүп берген.