16:18
USD 89.02
EUR 94.77
RUB 0.95

Кыргызстанда ВИЧ жугуздардын саны жылына 10 пайызга көбөйөт

Кыргызстанда ВИЧ жугуздардын саны жылына 10 пайызга көбөйөт.

Саламаттыкты сактоо министрлигинин маалыматында, 2017-жылдын 1-июнуна карай ВИЧ илдетине чалдыккандардын саны 7 миң 427ге жеткен. Анын 7 миң 38и өлкө жарандары. Анын 595и балдар, 902 киши СПИД менен ооруйт.

Министрликтин билдирүүсүндө, ооруугандардын 50 пайызы жыныстык катнаштан жугузат. Бул илдетке чалдыккан аялдардын саны өсүүдө.

Эң көп окулган жаңылыктар
19-апрель, жума