09:41
USD 89.02
EUR 94.77
RUB 0.95

«Йакын инкар» диний агымы экстремисттик деп табылды

«Йакын инкар» диний агымы экстремисттик деп табылды. Бул тууралуу Жогорку сот кабарлайт.

Октябрь райондук соту 15-июнда Башкы прокуратуранын кайрылуусу менен бул агымдын ишмердигин карап чыгып, аларга тыюу салуу чечимин чыгарган. Буга чейин муфтият дагы инкарчыларга калк арасында үгүттөө жүргүзүүгө тыюу салган.

Жогорку соттун маалыматында, «Йакын инкар» — «Таблиг Жамаат» уюмунан бөлүнүп чыккан агым экендиги айтылат. Жергиликтүү басылмалар Ысык-Көл жана Нарында узун сакал өстүрүп, пакистандык эркектердин кийимин кийип, заманбап жашоону четке кагып, иштебей Мухаммед пайгамбардын кезиндегидей жашоого үгүттөгөн топ пайда болгонун жазып чыгышкан. Айрым пикирлерге караганда, алар уюлдук телефон, телевизор колдонушпайт жана мамлекеттик органдарды таанышпайт.

Кыргызстанда 20 уюм экстремисттик жана террористтик деп табылган. 

Эң көп окулган жаңылыктар
19-апрель, жума