00:43
USD 89.01
EUR 95.05
RUB 0.94

Инфекциялык оорууканада бош орун калган жок

Республикалык инфекциялык оорууканада бош орун жок. Бул тууралуу «24.kg»  маалымат агентигине клиниканын башкы даарыгери Гүлжигит Аалиев билдирди.

Анын айтымында, өткөн суткада 286 бейтап кайрылып, анын 106сы оорууканага жаткырылды. Алардын 52синде ичиги ылаңы аныкталган.  Жаткырылгандардын 20сы чоң кишилер, 86сы жаш балдар. 

«Оорууканадагы орундар жетишпей жатат. Бейтаптарлы коридорго, же башка жайларга дагы жаткарып жатабыз. Аларды кайра жөнөтө да албайбыз. Анткени, жуугуштуу оорууну тез дарылаш керек», — дейт Гулжигит Аалиев.

Эң көп окулган жаңылыктар
19-апрель, жума