22:57
USD 89.51
EUR 96.93
RUB 0.97

Чүй облусунда 1992-жылы башталган мектеп дагы эле толук курулуп бүтө элек

Чүй облусунун Панфилов районунун Бухара айылындагы 1992-жылы башталган мектептин курулушу дагы эле толук бүтө элек. Бул тууралуу 5-июль күнү премьер-министр Сооронбай Жээнбековдун облусту кыдыруусунда белгилүү болду.

Орозаалы Текеев атындагы орто мектептин директору Нурзада Бейшекееванын айтымында, азыр аларда 188 окуучу гана окуйт. Айылдын калган окуучулары 2 чакырым алыстыктагы коңшу айылга барып билим алышат. 

«Мектеп курулушу 1992-жылы башталган. 2004-жылы жарымы бүттү. Он кабинет бар. Жарымына актовый зал, спорт зал жана ашкана курулушу керек. Ал ушул бойдон турат» -дейт Нурзада Бейшекеева.

Мектепти толук бүтүрүү үчүн 45 миллион сом талап кылынат. Сооронбай Жээнбеков бюджеттен каражатты бөлүнүү убадалады. 

Эң көп окулган жаңылыктар