05:31
USD 88.85
EUR 94.81
RUB 0.95

Аламүдүн районунда жол кырсыгынан бир адам мерт кетти

Чүй облусунун Аламүдүн районунда жол кырсыгынан бир адам мерт кетти. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги кабарлайт.

Маалыматка караганда, Аламүдүн районунун Лебединовка айылындагы Калинин көчөсүндө «Гольф 2» үлгүсүндөгү (S3262G - мамлекеттик номуру) унаа даракты сүзүп алган. Куткаруучулар кыпчылып калган эки адамды алып чыгышып, 1987-жылы туулган айдоочусун облустук ооруканага жеткиришкен. Жанындагы жүргүнчү аял (аты-жөнү такталууда) каза болгон. 

Эң көп окулган жаңылыктар