17:32
USD 89.51
EUR 96.93
RUB 0.97

Салыкчы пара алып жаткан жеринен кармалды

Салыкчы пара алып жаткан жеринен кармалды. Бул тууралуу экономикалык кылмыш менен күрөшүү мамлекеттик кызматы кабарлайт.

Маалыматка караганда, мекемеге ишкер кайрылып, Бишкек шаарынын Свердлов районунун мамлекеттик салык кызматынын кызматкери андан акча талап кылып жатканын билдирген.

Салыкчы 2 миң доллар талап кылган. Ал ишканага болгон күтүүсүз текшерүүнүн жыйынтыгына көз жумуп коюуну убадалаган.

Кылмыш иши козголду.

Эң көп окулган жаңылыктар