«Ата Мекен» партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев УКМКнын абагында камоодо болот. Бул тууралуу чечимди бүгүн Биринчи май райондук соту Айбек Эрнис уулу кабыл алды.
Ал партия лидеринин жактоочусунун анын баш коргоо чарасын өзгөртүүнү сунушун канааттандырган жок.
Эскерте кетсек, Чынара Жакыпбекова соттон Өмүрбек Текебаев алдыдагы шайлоого катышып жаткандыктан башка талапкерлер менен бирдей шартта ат салышууга уруксат берүүнү суранган. Өмүрбек Текебаев дагы Айбек Эрнис уулуна кайрылып, анын иши саясый буйрутма экендигин айткан.
Чынара Жакыпбекова Айбек Эрнис уулунун бул чечимине Бишкек шаардык сотуна даттанарын билдирди.
Сот бүгүн жактоочунун төрт сунушун четке какты. Биринчиси — видео жана аудиого тартууга уруксат берүү болчу. Андан кийин прокурорлорго ишенбестик айтылып, аларды кайтарып алуу зарылдыгы белгиленген. Аларды канааттандырбаган соттун өзүн чакырып алуу талабы коюлган. Ага да сот макул болгон эмес.
Эскерте кетсек, Биринчи май райондук сотунда «Ата Мекен» партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев менен мурдакы Өзгөчө кырдаалдар министри Дүйшөн Чотоновдун иши каралып жатат. Экөөнө бирдей айып тагылган. Башкы прокуратуранын маалыматында, Текебаев 2010-жылы «Мегаком» компаниясын башкарууда артыкчылыктарды убадалап, Леонид Маевскийден 1 миллион доллар алган.
Өмүрбек Текебаевдин ыйгарымдуу өкүлү жекшемби күнү БШКга президенттик шайлоого катышууга арызын берди. Боршайкомдун төрайымы Нуржан Шайлдабекова саясатчынын шайлоого катышуусуна бир гана соттун өкүмү тоскоол болушу ыктымалдыгын айткан.