01:15
USD 89.01
EUR 94.71
RUB 0.94

Түркмөнстанда чакан бизнес ишмердүүлүгүн токтотууга мажбур

Ашхабад базарларында азык-түлүк жана күнүмдүк керектелүүчү товарлардын баасы кескин кымбаттады. Ага Түркмөн бийлигинин ишкерлердин чет элдик валюталарды алмаштыруусуна чектөө киргизгендиги себеп болгондугу айтылууда. Бул тууралуу «Азаттыктын"түркмөн кызматы билдирет.

Маалыматка караганда, Ашхабаддын «Гүлистан» негизги соода борборунда жашылчанын баасы кайрадан көтөрүлдү. Жергиликтүү тургундар Түркмөнстандын өзүндө бышкан мөмө-жемиштерди сатып алуу мүмкүн болбой жатканына нааразы.

Мамлекет белгилеген баага ылайык, эттин наркы 17,80 манттан (5 доллардын тегереги) ашпашы керек. Бирок базарларда ал 20 манаттан жогору сатылууда.

Соодагерлердин айтымында, баалардын жогорулашы жана маяналардын кечиктирилиши менен кардарлардын саны кескин азайды.

«Биз түнү бою уктабай, дүң базарлардан аймактарда өстүрүлгөн жашылча-жемиштерди сатып алабыз. Андан соң кечке Ашхабаддын базарларында отуруп, кайра сатабыз. Бирок кардарлардын азайышы менен товарлардын теңи бузулуп кетүүдө», — деди ашхабаддык соодагерлердин бири.

Буга чейин Түркмөнстандын президенти Гурбангулы Бердымухаммедов калкка дээрлик чейрек кылымдан бери берилип келген бекер газ, бекер электр сыяктуу жеңилдиктерди токтотууну чечкен. Адистер бул кабарды өлкөдөгү каатчылыктын жарчысы деп кабыл алышкан болчу.

Эң көп окулган жаңылыктар