22:27
USD 89.51
EUR 96.93
RUB 0.97

Парламент депутаттары Боршайкомдун төрайымынын отставкасын талап кылышууда

Парламент депутаттары Боршайкомдун төрайымынын отставкасын талап кылышууда. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин бүгүнкү жыйынында айтылды.

Эскерте кетсек, эртең менен парламент депутаттары Борбордук шайлоо комиссиясынын төрайымы Нуржан Шайлдабекованы чакырып, шайлоого байланыштуу токтому боюнча түшүндүрмө берүүсүн талап кылышкан. Депуттарга БШКнын президенттикке ат салышкан талапкерлерден 30 миң кол топтоо талабы жаккан эмес.

«Бул токтомдо шайлоонун ачык жана таза өтүшүнө каршы жоболор кабыл алынды. БШКнын төрайым чакырып, кеч боло электе чечим кабыл алыш керек», — деди Мирлан Жээнчороев. Ал эми депутат Жунус уулу Алтынбек кол топтоо эрежесин мыйзамсыз жана ашыкча чара катары баалады.

Түштөн кийин төраганын орун басары Алтынай Өмүрбекова БШКнын мүчөсү Нуржан Шайлдабекова жана анын орун басарларына кабарлангандыгын, бирок, алар учурда маалымат жыйын өткөрүп жатканын билдирди.

Мирлан Жээнчороев депутаттарды сыйлабаган төрайым менен анын орун басарларын кызматтан алууну сунуштады.

Ал эми БШКнын төрайымы депутаттарды алардын ишине кийлигишпөөгө чакырган. Анын айтымында, депутаттар аны парламентке Конституция жана мыйзамдардын сакталышын камсыз кылуу максатында чакырганы менен негизги себеби түшүнүктүү.

«Мен бул аракетти шайлоо комиссиясынын жумушуна басым көрсөтүү катары кабыл алам. Бул мыйзам бузуу жана ага карата жаза каралган. Биз суроолорго жооп берүүдөн баш тартпайбыз, бирок, бизди өз ыгына салуу аракетинен алыс болушса», — деди Нуржан Шайлдабекова.

Эскерте кетсек, президенттик шайлоо 15-октябрга белгиленген. Буга чейинки шайлоолор дагы талапкерлер кол топтоп келишкен.

Эң көп окулган жаңылыктар