01:20
USD 88.39
EUR 94.96
RUB 0.97

Жылдыз Мусабекова бүгүн парламенттик жыйынга келди

КСДП фракциясынын депутаты Жылдыз Мусабекова бүгүн парламенттин жыйынына келди. Ал Нарын облусунда шайлоочулар менен жолукканын маалымдады.

«Мен Ак-Талаа, Жумгал, Кочкор райондорунун жашоочулары менен жолугуп келдим. Элдердин ден-соолугуна байланыштуу суроолор көп берилди. Бир нече жылдан бери өлкөдө «Ден-соолук кербени» долбоору жүрүп жатат. Ошону, айрыкча УЗИ жана маммологдор менен Нарынга жөнөтсөк жакшы болмок эле» — деди ал.

Эскерте кетсек, Жылдыз Мусабекова атайын чакырууга карабай, анын жүрүм-туруму карала турган КСДП фракциясынын жыйынына төрт жолу келген эмес. Жылдыз Мусабекова журналист Үпөл Анаркулованы коркутуп, адепсиз сөздөр менен тилдеген. Фракция лидери Иса Өмүркулов, депутаттын жүрүм-турумуна баары бир баа берилерин айткан.

Эң көп окулган жаңылыктар