11:49
USD 88.85
EUR 94.81
RUB 0.95

Тайырбек Сарпашев кызматынан алынды

Тайырбек Сарпашев мамлекеттик каттоо кызматынын төрагалыгынан алынды. Бул тууралуу буйрукка президент Сооронбай Жээнбеков кол койгондугун өкмөт кабарлайт.

Эскерте кетсек, Башкы прокуратура мамлекеттик каттоо кызматынын төрагасы Тайырбек Сарпашевге каршы иш козгогон. 2013-жылы жарандарды каттоо кагазын сатып алууга 8 миллион сомго тендер жарыяланган. Аны «Триада-принт» ишканасы утуп алгандыгына карабай, ал кездеги вице-премьер-министр Тайырбек Сарпашев «Учкун» ишканасынан сатып алуу буйругун берген. Вице-премьерликтен кеткенден кийин Сарпашев мамлекеттик каттоо кызматын жетектеген.

Эң көп окулган жаңылыктар
24-апрель, шаршемби
23-апрель, шейшемби