10:42
USD 88.85
EUR 94.92
RUB 0.96

Төрт жашар кызды сүзүп кеткен айдоочу кармалды

Төрт жашар кызды сүзүп кеткен айдоочу кармалды. Бул тууралуу «24.kg» маалымат агентигине Бишкек шаардын ички иштер башкармалыгынын маалымат кызматынан кабарлашты.

Эскерте кетсек, окуя 10-июнь күнү саат 16.30да болгон. Бишкектин Төмөнкү Ала-Арча конушундагы Сары-Челек көчөсүндө чуркап чыккан кызды, «Хонда Фит» үлгүсүндөгү автоууна коюп кеткен.

ИИБсынын билдирүүсүндө, «Хонда Фит» унаасы жана кожоюну табылып, аны 16 жашар бала айдап чыккандыгы такталды.

Учурда жашы жете элек өспүрүмдү камакка алуу, же ата-энесинин жоопкерчилиги менен үй камагына чыгаруу маселеси каралып жатат. Кичинекей кыз Бишкектин № 3 Балдар оорууканасында оор абалда жатат.

Эң көп окулган жаңылыктар