«№ 9 жолду оңдоо мамлекеттик ишканасы» Бишкек — Ош жолунун 132 чакырымдан 160 чакырымга чейинки жолун оңдоого1,8 миллион сом бөлөт. Тендер мамлекеттик сатып алуу порталында жарыяланган.
Ушул эле жолдун 114төн 132 -чакырымына чейинки жолду оңдоо үчүн кошумча 1,73 миллион сом каралган.
Эскерте кетсек, айдоочулар Төө-Ашуудагы жолдун абалына даттанып келишет. Парламент депутаттары Транспорт жана жол министрлигинен жолду оңдоону талап кылышкан.