05:02
USD 88.81
EUR 95.39
RUB 0.96

Чет элдик жарандар Кыргызстанда медиага кожоюн боло алышпайт

Чет элдик жарандар Кыргызстанда медиага кожоюн боло алышпайт. Бул боюнча мыйзамга Алмазбек Атамбаев кол койгондугун өлкө башчысынын маалымат бөлүмү билдирди.

Мыйзамдын 5-беренесинде ким Жалпыга маалымдоо каражаттарын негиздей алары такталат. Кыргызстандын жараны, же өлкөдө катталган юридикалык жак гана телеканалга негиздөөчү боло алат.

Андан сырткары, 18 жашка чыга элек, сот өкүмү менен эркинен ажыратылган, же соттун чечими менен ишке жарамсыз деп табылгандар ЖМК ача алышпайт.

Мыйзам талаптарына жооп бербеген медиа мыйзам күчүнө киргенден тарта бир жыл ичинде кожоюндарын өзгөртүп, кайра каттоодон өтүшү зарыл. Бир жылдан кийин, негиздөөчүлөрү өзгөртүлбөгөн ЖМКлар соттун чечими менен жоюлат.

Эң көп окулган жаңылыктар